www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Сирияда «коопсуз аймактарды» түзүү тууралуу резолюция долбоорун БУУга алып чыкты. Андай аймактарда аскердик аракеттерге жана авиациянын учуусуна тыюу салынат. Документке 8чи же 9-майда добуш берилиши мүмкүн.

Резолюциянын долбоору Сирияда төрт «коопсуз аймак» түзүү тууралуу 4-майда Астанадагы жолугушуу маалында кабыл алынган меморандумга негизделген. Орусия, Иран жана Түркия дипломаттары коопсуз аймактар президент Башар Асаддын армиясынын күчтөрү менен көтөрүлүшчүлөр ээлеген аймактар чектешкен жерлерде түзүлөт деген макулдашууга келишкен. Кеп Идлиб провинциясы, Хомс провинциясынын түндүгү, Латакия, Алеппо жана Хама аймактары өңдүү Сириянын бир катар бөлүктөрү жөнүндө болууда.

Куралдуу оппозициянын өкүлдөрү меморандумду колдогон эмес. Алардын айтымдарында, Орусия дагы деле Башар Асадды жана анын союздаштарын мурдагы макулдашууларды аткарууга көндүрө алган жок.

Расмий Дамаск меморандумду кубаттап, бирок «террорчуларга» каршы куралдуу каршылык көрсөтүүсүн уланта бере турганын билдирди.

Булак:"centralasian.org"

Последние новости