www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Apple корпорациясы I кварталдын жыйынтыгы менен Өзбекстандын мамлекеттик бюджетине 59,2 миң доллар өлчөмүндө салык төлөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Өлкөнүн Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда, Apple Өзбекстанда кошумча нарк салыгын төлөөчү катары өз эрки менен каттоого турган.
Өзбекстанда 2020-жылдан тартып жарандарга электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк компанияларга кошумча нарк салыгын төлөө тартиби киргизилген.
Бул эрежеге ылайык, өлкөдө электрондук кызмат көрсөткөн 10 чет өлкөлүк компания кошумча нарк салыгын төлөөчү катары катталган.
Буга чейин Google Commerce Limited компаниясы Өзбекстандагы кызмат көрсөтүүлөрү үчүн I квартал үчүн 85 000 евро салык төлөгөнү кабарланган.
Булак: NazarNews.org