www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бири болгон “Apple” компаниясы  Сингапурда биринчи жолу суу астындагы дүкөнүн ачылды. Маалымат аталган компаниянын баракчасында эарыяланган.  

Өзгөчө дүкөн “Marina Bay Sands” мейманканасынын жанында жайгашып, 114 бөлүктөн турган айнек куполду чагылдырат. Шар формасындагы курулуштун ичинде пардалар, жогору жагында тегерек терезе бар.

Мекеменин маалыматына караганда, суу астындагы дүкөндүн ачылышы 10- Сентябрга белгиленген болчу. Өлкөдөгү эпидемологиялык кырдаалга байланыштуу дүкөндүн ачылышына алдын ала брондоп койгон адамдар гана кире алат. 

Кошумчалай кетсек, дүкөндүн суу алдындагы кабатында жыйындар залы дагы жайгашкан. Ал эми “Apple” компаниясынын Сингапурдагы үчүнчү дүкөнү болот жана анда 148 адам иштейт. Дүкөндүн кызматкерлери жалпысынан 23 тилде сүйлөй алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости