www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Чүй облусунда иш сапары менен болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрь күнү Чүй облусуна иш сапары менен барды.  Министр Чүй облусунун ИИББнын жыйындар залында борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын, райондук, шаардык бөлүмдөрдүн башчылары, Чүй ОИИББнын ардагерлеринин катышуусунда жыйын өткөрдү. 

Жыйында 2020-жылдын 4-октябрь күнү өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо,  ошондой эле мыйзамдуулукту сактоо боюнча көрүлүп жаткан даярдык иштери боюнча кабар алды. Ошону менен бирге мыйзамдарга кирген өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча кызматкерлердин даярдыктарын сурап, ар бир кызматкер  шайлоо мыйзамдарына байланышкан өзгөртүүлөр жана толуктоолорду билүүлөрү шарт экенин эскертип, жетекчилер тарабынан окутууларды өткөрүү талаптарын койду. 

Иш сапары учурунда министр Кашкар Джунушалиев Чүй ОИИББнин имаратында жайгашкан ИИМдин “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштеген мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборунун иштеринен кабар алды. Андан кийин Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата райондору, ошондой эле Токмок шаарынын ички иштер бөлүмдөрүндө болуп, кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттары жана оңдоп-түзөө жумуштары менен таанышып, милиция бөлүмдөрүнүн өздүк курамдары менен жолугуп, кызматкерлердин ички тартибин бекемдөө, кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле жарандарга сылык мамиле жасоо зарылдыгын эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости