www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мүнөзү оор адамдар  менен кантип мамиле куруу керек?

Айрым адамдар кылган ошончо жакшылыктарга карабай жаман болууну уланта беришет. Алардын бактысыздыгы бир эле сырттагы абадан же иш ордундагы абалдардан көз каранды эмес. Уу сыяктуу айланасындагылардын дагы энергиясын алышат. Мындай адамдар көбүбүздүн айланабызда бар. Жадагалса досторубуз, туугандарыбыз же кесиптештерибиздин арасында дагы болушу мүмкүн. Алар менен күрөшүүнүн, мамиле куруунун айрым жолдорун сунуштайбыз.

Алар менен көп чогуу болбогонго аракет кылуу

Мүнөзү катаал кишилердин ден соолугубузга зыян тийгизери илимий жактан далилденген. Зыян тартууну улантып жүрө бересизби? Мындан соң каршыңызга чыккан оор мүнөздүү адамдар менен азыраак убакыт өткөрүңүз.

Ойлорду бөлүшүү

Алардын көйгөйлөрүн уга бербестен, өз ойлоруңузду шарт айта билиңиз. Унчукпай жүрө берүү, каршыдагынын айткандарына макул болууну билдирет.

Анын кыймыл-аракетинде маселе жок сыяктуу мамиле кылбоо

Ал адамга ойлогондору туура эмес экендигин түшүндүрүңүз.

Алардын көйгөйүн өз жоопкерчиликке албоо

Эмпатия канчалык орундуу артыкчылык экендигине карабастан, аша чабуу зыян. Бир досуңуз же тууганыңыз проблемаларын айтып баштаганда аралыкты сактоону унутпаңыз. Сиздин макулдугуңузду алуу үчүн окуяны көркөмдөп дагы коюшу мүмкүн.

Теманы өзгөртүү

Эгер сүйлөшүп жаткан тема терс жакка бурулуп баратса, дароо демилге көтөрүп теманы алмаштырыңыз.

Мамилени үзүү

Жашоодо айрым зыянынан башка пайдасы жок керексиз нерселерден айрылуу керек болот. А эгер бул адам сиздин үй-бүлөңүздөн бирөө болсо, анда ал менен өткөргөн убакытка чек коюу керектелет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости