www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg сайтына "Сен унчукпасан, ал унчукпаса, апрель баатыры Төлөгөн Наралиев унчугат" деген аталыштагы 16.05. 2018-жылы жарыяланган макала боюнча төмөндөгүдөй жооп билдиребиз.

Т.Наралиев жөнүндө КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрлар секторунун башкы адиси кызмат ордунан бошотуу жөнүндөгү КРӨТОЫУӨ биринчи орун басары Төрөкулов Чолпонкул Асылбекович чыгарган 08.01.2018-жылдын №1-к сандуу буйругу Талас облустук прокуратурасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен жокко чыгарылды.

Азыркы күндө Наралиев Төлөгөн Байысбекович 2018-жылдын 18-июнунан баштап Өкүлчүлүктүн аппаратында кайрадан өз кызмат ордунда иштеп жатат. Эмгек укуктарын бузган жана буйрукту даярдаган аны кабыл алган кызматкерлерге тартиптик чараларды жана Наралиевдин моралдык намысын тебелеген мыйзамсыз иштерди бир адамдын көрсөтмөсү менен жасаган адамдарга кандай жазалар колдонулат. Кимдер жооп берет. Апрель баатырлары үчүн кызмат эмес намыс негизги ролду ойнойт.

 Ал эми мамлекеттик номери 00-02 ТА сандуу “Тойота-Прадо” кызматтык автоунаасы ушул күнгө чейин ордуна коюлган жок. Андан башка автоунаанын кырсыкка кабылган боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Мамлекеттик автоунааны жумуш убактысынан кийин айдалганы өзү эле кылмышка жатпайбы?

Айта берсе сөз көп. Коом качан тазаланат. Коом тазаланмайынча мамлекеттин экономикасы көтөрүлбөйт. 2010-жылы өлгөн балдардын арбагына ким жооп берет?

Болот Жайнаков, Талас облусу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости