www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Долбоордун жалпы суммасы 103 188 АКШ долларын түзөт. Бул долбоордун алкагында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Боз-Булуң (Отрадное) айылында "Келечек" балдар бакчасынтолугу менен калыбына келтирүү иштери аткарылды (имараттын кыш дубалдарындан тышкары катаракта, эшик, терезе, чатырлар ж.б.у.с. алмаштырылды);  Боз-Учук (Ново-Вознесеновка)  айылындгы "Жаннат плюс” бала бакчасынын биринчи кабатында кичинекей балдар үчүн бөлүм жана ашкана курулду; Маман айылындагы "Алтын Бешик" бала бакчасына дарбаза орнотулду; Орлиное айылында "Бактылуу балалык" бала бакчасында жунуучу жайы, дааратканасы жана ашканасы курулду. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандагы Түрк элчилигинин басма-сөз кызматы билдирди.

Ак-Суу айылындагы жетим балдар үйүнө барып, балдарга керектүү буюмдар: 68 бала үчүн табак, кесе, стакан, ич кийимдеринин комплектти, кол аарчы, гигиеналык буюмдар жана оюнчуктар берилди.

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Женгиз Камиль Фырат жана Түркиянын өкмөтүнө караштуу кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин (ТИКА) Вице-Президенти Мехмет Ссюррея Эрден башында турган делегация2018-жылдын 3-майындаБоз-Булуң (Отрадное)айылындагы "Келечек" жана Боз-Учук(Ново-Вознесеновка) айылындагы "Жаннат плюс" бала бакчаларынын ачылыш аземине катышты.

Жергиликтүү бийлик органдарынын атынан ачылыш аземине Ак-Суу районунун акими Улан Доконбаев, аким орун басары Гүлнара Орозбаева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Малик Темиралиев, Боз-Булуң айылынын айыл өкмөтү Сагын Бараканов, Боз-Учук айылынын айыл өкмөтү, Ак-Суу районунун жаштар кыймылынын лидери Айбек Даабаев катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости