www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылдагы төңкөрүлүштүн активдүү катышуучусу Кайып Шери буга чейин бийликти мактап-жактап, жакшысын ашырып, жамананы жашырып келген. Эмнегедир бүгүн Кайпы мырза Фейсбук баракчасына “Кайып Шердин соңку сөзү” деген пикирин билдирди.

Кыргызчылыкта "кандай эл болсоң, ошондой башчы берем" дейт. Ислам дининде кандай коом болсоң ошондой өкүмдарды берем деп келет. Калган диндерде да ушуга жакын. Баарыбызга жакса-жакпаса да муну менен макул болушубуз керек. Ошондон улам төмөнкүлөрдүн иштерине ийгилик, өмүрдүн узунун, ачыраактарына топуктуулук, тилейм.

Биринчи И.Ильям-паракор, Текеба марадёр, наркабарон, Шыкма-кожоке-бучук, деп И.Өмүрдү темир-жол, Караше-бакал, Акылбек Жапарды-Шади, Мадума "Каркыра-Үзөнгү куушту саттың" деп. Акайдын тончон балдары, Сари-Бабанды контробандист, коммерсант деп. И.Сапарды “Сороc” деп, мындан сырткары Акай Бакийди таш менен кубалап “Масали-маймыл кет” деп бизге эгемендик керек деп огойлоп келгендердин арасында жүрдүм.

Булардын саны 2 миңден ашык, барака батчуудай эмес. Же мен бузукулардын шыкагына алдыргамбы? 25 жылдан бери өзгөрүү болгон жок. Акай Бакий Масалиевден башкасы толугу менен Ак үй, көк үйдө олтурат. Айрым саясатчылардын катураак көңүлүн ооруткам. Эртеден бери Теңирим күбө кечирим сурадым. Менден бир жолу кутулушту. "Наркотрапик", гүлдөп келет. Ал эми жашыруун алтын иштетүүчү заводдордун ээлери, Кыргызстанга келген инвесторлорду жергиликтүү эл менен пикетке чыгарып “шантаж” кылып, коркутуп алтын рудаларын Кара-балтадагы жана башка жашыруун заводторго жеткизип келди. Алтын кендеринен өлкөгө сары чака тыйын түшкөн жок, деп айтп келем. Көзүмө ушундай көрүнгөнгө деп муну үчүн да Теңиримден кечирим сурайм. Теңирим булардын чекесине Ак үйдөн кеткис кылып жазган го. Алды Теңириме ийилип эл-журттан 25 жылдан берки Кыргызстандагы опур-топур, революцияларга ийгиликсиз болуп аралашканым үчүн кечирим сурайм. Акай-Бакийлердин Тенирим ийрисин түздөп кемин толуктасын. Буларга экинчи тоскоол болбойм. Киндик кан тамган Ата-журтума тынчтыкты тилейм, - сөзүн аяктаган Апрель Баатыры Кайып Шери.

Кызык, Апрель Баатыры мынчалык кол шилтегенине эмне себеп болду, биздин редакция жакын арада маегин беребиз.

Эскертүү: Маалымат өзгөртүүсүз берилди

Булак: NazarNews.kg

Последние новости