www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Саламатсызбы, мына 13-июнда белгилүү саясатчы Ахматбек Келдибековду президенттикке талапкерлигине коет деп айтылгандан кийин эле, бийлик ошол күнү билдирүү жасап жиберди. Бийликтин мындай кадамы туурабы?
-Ахматбек Келдибековго тагылган жазанын аткарылышы быйылкы жылдын 8-ноябрында гана бир жыл толо турганына байланыштуу. Ушул жылдын 15-октябрында өтө турган Президенттик шайлоого катышууга укугу жок деп, Кыргыз Республикасыныны Жогорку Соту өлкөбүздүн массалык маалымат каражатары аркылуу кечээ күнү жарыялап, Ахматбек Келдибековдун жактоочуларын бушайманга салды. Албетте бул көрүнүш таң калычтуу эмес, бирок “секирик”...
-Кандай түшүнсөк болот анда, буйрукпу же мыйзамбы?
-Бул билдирүү Ахматбек Келдибековго жолдонгон эскертме, же кимдир бирөөнүн койгон суроосуна берген жооп, же шайлоо органдарына берилген көрсөтмө, же бийлик буйрутмасын аткаруу деп баалаш үчүн, Сиздер биздин өлкөнүн баш мыйзамы - Конституцияга көз салыңыздар.
Ал Конституцияда, "ким шайлоого катыша алат, кимдин шайлоого катыша турганга укугу жок", деп алдын-ала тыянак чыгарууга, жарыялоого сотторго эч укук берилген эмес. Шайлоо жүрүп жатканда гана, кимдир бироо шайлоого катышып жаткан тигил же бул талапкер тууралуу сотко кайрылса, сот ал талапкер тууралуу чечим кабыл алууга укугу бар. Ошондуктан, шайлоо баштала электе эле соттун жасаган бул кылыгын, бийликтин буйрутмасына баш ийип, соттун мыйзам тебелөөсү жана Конституцияга жасаган кыянатчылыгы деп гана бааласа болот.
-Анда Ахматбек Келдибеков президенттик шайлоого катыша алабы?
-Биздин Конституциябызда так жазылып турат. Биздин өлкөдө кимдин Президент болуп шайлануусун эл өзү гана чечет деп. Бул тек гана элдин укугу. Бийликтен башы айланып, бул укукту элге ээ кылбай бара жатканда, башы айланган бийликти эл эки жолу өлкөдөн кууп чыгып, эл өзү эле Президентти эки жолу шайлап алган. Эгер эл Келдибековдун Президент болушун каалап жатса, Келдибеков элдин талабына сөзсүз көнүш керек. Элдин талабына баш ийүүнүн эки гана жолу бар. Эң туура жолу – шайлоого катышуу, туура эмес жолу –элдин толкуну менен Атамбаевге окшоп такка отуруу. Өлкөдө эл кайра толкуп кетпесин десе, бийлик да туура жолду тандап, Келдибековду шайлоого катыштыруусу зарыл. Жогорку Соттун ушуну түшүнбөй жатканы өтө өкүнүчтүү.
-Рахмат...
Биз менен маекте, дипломат жана коомдук ишмер Мамбет Жунус Абылов болду.
Булак: NazarNews.kg