www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
29–30-апрелде Ош шаарында "Ала-Тоо жазы" студенттердин фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, маданий иш-чара Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген таланттуу жаштарды бириктирип, алардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңири коомчулукка тартуулоону максат кылат.
Фестивалда вокалдык искусство, классикалык музыкалык аспаптарды ойноо, фольклордук аткаруучулук жана хореография багыттарында чыгармалар тартууланат.
Иш-чара эки баскычта уюштурулат: биринчи баскычта жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын ичинде тандоо турлары өтсө, экинчи баскычта финалдык этапка өткөн мыкты командалар күч сынашат.
Белгилей кетсек, сынакка Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын студенттери жана музыкалык же искусство багытындагы факультеттерде окуган студенттер катыша алышпайт.