www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндө эл жаңы Конституцияны колдоп берди. Бирөөлөр «ханституция» десе, бирөөлөр «жалаң президент башкара турган Конституция келди» деди. Ошого улай бир мисал келтирейин, кечээ жакында Кемпир-Абадда жерди берүүгө каршы болушту эле, көпчүлүктүн ой-пикирин угуп, ошол комиссиянын төрагасы Камчыбек Ташиев макул болуп, коюлган талап аткарылды. Муну демократиянын жакшы бир көрүнүшү катары эсептейм. Эгерде жалаң хан чечсе, анда ал өзү эле билмек да.

Менин оюмча, «президент Жапаров болобу, комиссия төрагасы Ташиевби, элдин сөзүн дайыма угат экен» деген чечимди биздин саясый серепчилер чыгарып жатышат. Ал эми убагында эл каршы чыгып, Нарында логистикалык борборду ачтырбай салышты эле, эми аны казактар курушууда. Андан кийин эл уранга да каршы болушкан, Казакстан уранды эки эсе көбөйтүп сатып жатат.

Ошон үчүн ар бир митингде пайдалуу жагын карасак болмок. Негизинен Кыргызстан үчүн алмашуу варианты туура болчу. Анткени бир жерден биз берсек, Ташиев түшүндүргөн жерлерден бизге кайра берилет эле. Жалпы Кыргызстан үчүн бул пайдалуу нерсе.

Бирок, Кемпир-Абаддын элине анча пайдалуу эмес болуп калды. Ошон үчүн алар каршы болушса эле, ошол сөздү угуп чечим өзгөрдү. Бул жерде түз демократия бар. Эл кандай кааласа, ошондой чечиш керек. Бирок, биздин бийлик дайыма эле элдин сөзүн уга берсе, анда жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы болбой калышы мүмкүн. Ар бир аймак өз маселесин көтөрө берсе, жалпы мамлекет утулуп калабызбы деген ой келет. Учурда «Конституцияны эл колдоду» деп атпайбызбы, эми баардыгына президент Садыр Жапаров жооп берет.

Ошондуктан, президенттин сунуштарын, бийликтин сунуштарын эл колдош керек. Колдобосо, кийин «эл колдогон жок, буга биз күнөөлүү эмеспиз» деген пикирин айтат. Ошон үчүн жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кээ бир биздин аймактар, айылдар мамлекеттин кызыкчылыгын алдыга койсо, ошондо жалпы Кыргызстан утат.

Ар бир район, айыл өз мүдөөсүн, талаптарын коё берсе, өлкөбүздүн кызыкчылыгынан ажырап калышыбыз мүмкүн.

Булак: Азия News гезити

Последние новости