www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде кээбир жашоочулар түндө көчөгө төшөк салып жатышкан

Баткенде айрым тургундар түндө көчөгө төшөк салып жатышканын билдиришти. Бул тууралуу Баткен облусунун тургуну Сарвар Турдибоев Facebook баракчасына жазды.

Анда ал Баткендеги кырдаалга байланыштуу ар кандай талап-тоноолордон коргонуп түндө көчөгө төшөк салып уктаганын айтып, сүрөт жүктөдү. 

--"Үйүбүздү тажикстандык марадерлордон коргоп, көчөдө түнөгөнгө дуушар болдук. Ак төшөктө жаткан менмин, үйдүн алдында уктадым", - деп жазган Баткен облусунун тургуну. 

Кошумчалай кетсек, чек арадагы окуяда Баткен жана Лейлек районундагы бир топ айылдагы үйлөрдү тажиктер өрттөп, талкалап кетишкен. Ал жердеги кыргызстындык жашоочулар үй-жайсыз калышкан. 

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости