www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экология жана шаар пландоо министрлиги, алтын, күмүш сыяктуу баалуу металлдарды камтыган жана колдонуу мөөнөтү бүтүп чогултулган ар бир миң даана таштанды чөнтөк телефондон 1 кг алтын өндүрүлүп алынганын маалымдады.
Айлана чөйрөнү башкаруу башкы директорлугунун жооптуу кызматкерлеринен алынган маалыматка караганда Министрликтин экология жана адам укугунун корголушу максаты менен муздаткычтардан чөнтөк телефондоруна чейин, майда үй эмеректеринен тартып оюнчук жана медициналык шаймандарга чейин кеңири колдонулган электрдүү жана электрондук буюмдардын кайра иштетилишине карай иштерин улантууда.
Ушул алкакта технологиялык турмуштун бир бөлүгүнө айланган жана тынымсыз жаңы моделдери базарга чыгарылып турган чөнтөк телефондор да кайра кайтарылышы жасалган таштандылардын арасында орун алууда.
Курамында алтын, күмүш сыяктуу баалуу металлдар орун алган, колдонуу мөөнөтү бүткөн чөнтөк телефондор чогултулуп, экономикага «алтын» киреше келтирилүүдө. Ар бир миң даана таштанды чөнтөк телефондон 1 кг алтын өндүрүлүп алынууда.
Министрлик 63 кайра иштетүүчү комплекске лицензия берип, 2012-жылдан бери 145 миң тонна электрдүү жана электрондук таштандыны мыйзамдын чегинде экономикага кошту.
Ушундай түрдөгү таштандылардын өзүнчө чогултулушу жана иштетилиши темасында маалыматтандыруунун арттырылышы менен дагы көп көлөмдөгү электрондук таштандынын чогултулушу жана өлкө экономикасына дагы көп салым кошуусу пландалууда.
Булак: "trt.net.tr"