www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда биринчи жолу улутчулдук үчүн соттошуп жатканын «Дело №» гезити бүгүнкү санына жазып чыкты. Гезиттин маалыматына таянсак, врач-реаниматолог Егор Борисов Мирлан Ирсалиевди сотко берген. Айыпталуучуга кылмыш кодексинин «Улуттар аралык, рассалык, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу» 299 беренеси боюнча иш козголгон. Ал бул берене менен 4–7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Эми окуянын ток этер жерине токтолсок, ал былтыр 29-июнда болгон экен. Егор Борисов үйүнө бара жатса, ага аялы телефон чалып, бирөөнүн машинасын чийип алганын айтат. Айтылган дарекке жетип барат. Аялы чийип алган машинанын ээси Мирлан Ирсалиев менен таанышып, сүйлөшөт. Мирлан андан кыргызча сүйлөөнү талап кылат. “Эй, киргизка, орус күйөөң экөөң Орусияга жоголгула!” деп аларды кемсинтиптир, аялынын айтымына караганда. Кыскасы, кайым айтышуу мушташка айланып, дарыгердин мээси чайкалып, кабыргасы сынган экен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости