www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик шайлоону утурлай учурда төрт-беш чакты талапкер болчулардын штабдары иштеп жатат. Айрым серепчилер жада калса “баланчанын офисине келген адам жок, а мунукунда адам жайнайт, демек шансы күчтүү”- деп да көзү ачыктык кылып жатышпайбы.

Мына ошондой штабдарда олтургандар үчүн күтүүсүз жерден Алай эли колдоого алып, Ахматбек Келдибековдун ажолук жарышка аттанып чыгышы “переполох” жаратты. Туш-туштан “эмнеге чыгат экен ия?!”- деген таң калуу көндүм көрүнүш болду го өткөн жума.

Бул катардагы ичи тардык эмей эмне? Дагы бир потенциалы арбын, салмактуу, эл колдогон саясатчынын талапкерлигин жылдырганы боюнча: “баары бир катыша албайт, соттолгонун жоюп алсынчы, жөн гана соодалашуу үчүн баштады муну”,- деген кеп ойлоп чыгышып, муну “пулдун” күчү менен дуулдатып, жаздыртпаган гезити же сайты калбады окшойт.

Анткен менен, Ахматбек Келдибековдун ишти катуу баштап, учурда республикабызга төбөсү көрүнгөн аттуу-баштуу адамдар анын штабына баш багышып, колдоо көрсөтүп жатканына караганда, алайлык алп саясатчы аягына чейин күрөшчүдөй жана жеңип чыгуусуна терең ишенгендей.

Бир жагынан Камчыбек Ташиевдин жигиттик сөзүнө туруп, колдоо көрсөтүп, жанында жүргөнү да дем берүүдө. Жакында “Ата- Журт” партиясы курултай өткөзүп, Алай элинин ой-тилеги расмий бекемделип, А.Келдибеков “официально” талапкер катары учуп чыгаары кабарланды.

Кызыктар али алдыда.

Булак: “Майдан”

Последние новости