www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Осмонбек Артыкбаев Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Ничке-Сай айылындагы жаңы бала бакчанын ачылуу аземине катышып, акылдуу, билимдүү, көп кырдуу жаштар көбүрөк болсо, мамлекеттин өнүгүүсүнө мындан ары дагы жакшы салым кошуларын билдирди.
Бала бакчанын жетекчиси Нуржамал Мусаеванын айтымында, жергиликтүү тургундар атайын долбоор жазып, бул ишти жүзөгө ашыруу үчүн бир топ аракет кылышкан. АРИС программасынын колдоосу менен 1млн 600 миӊ сом акча берилсе, калган каражатты жергиликтүү бийлик көтөргөн. Осмонбек Артыкбаев бала бакчага жана16 тарбиячысына каражат көйгөйүн чечип берген.
Андан тышкары, Артыкбаевдин колдоосу жана Жаш дарыгерлер ассоциациясынын президенти Элзар Токтоназаровдун демилгеси менен Токтогул шаарчасында Телемедицина (санавиация) борбору ачылды. Эми жергиликтүү тургундардын райондун борборуна барып отурбай, өз айылынан эле дарылана алат.
Учурда Токтогул районуна караштуу баардык айылдын тургундары акысыз медициналык текшерүүдөн өткөрүлүүдө. Ондон ашуун дарыгер өз кесиби боюнча бейтаптарды текшерип, аларды жеринен дарылашууда. Жергиликтүү тургундар ыӊгайлуу шарт түзүп берген депутатка ыраазычылыктарын билдиришүүдө.
Булак: NazarNews.kg