www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Улукбек Бабакуловдун “Фергана.ру” сайтына жарыялаган макаласы коомчулукта катуу талкууну жаратты. Аны кыргыз-өзбек улуттарынын ортосундагы мамилеге “чагым таштады” дегендер көбүрөөк болду. Макалада автор “Фейсбук” социалдык тармагынын колдонуучулары тарабынан жазылган пикирлерге орун берген.

Ал жакта улуттар аралык кастыкты козуткан пикирлер айтылат. Айрымдар журналист Бабакуловду “эл душманы” атап, “Фергана.ру” сайтын Кыргызстанда жаап салууга чакырышты.

2010-жылдагы кандуу июнь окуясынын 7 жылдыгынын алдында бул макала жарыяланып, коомчулукта талкуу күчөгөндөн кийин кыргыз, өзбек улутундагы Ош шаарынын айрым аксакалдары элге кайрылуу жасашты.

Окуянын баары Ноокен районундагы массалык мушташтан башталган. Милициядан кабарлашкандай, Ноокендин Масы айылында 18-май күнү болгон мушташтан бир адам бычактан жеңил жарат алган. Жабыркаган баланын ата-энеси шектүүнү табууну талап кылышкан.

Журналист Бабакуловдун макаласында айтылгандай, жарат алган бала кыргыз болгон, издөөдөгүсү “өзбек” деп көрсөтүлөт. ИИМдин маалымат кызматы Ноокенде эч кандай улут аралык араздашуу болбогондугун, жөн гана катардагы чыр-чатак экендигин билдирди.

Булак: “Майдан”

Последние новости