www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар түшүүсү, ал эми кээ бир райондордо ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жеткен катуу шамал болушу күтүлүп жатат. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
"Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп, дыйканчылык аймактарында 20…25 градус, тоолуу райондордо 7…12 градус жылуу болот. Бийик тоолуу райондордо нөлдөн…5 градуска чейин жогорулайт", — деп айтылды синоптиктердин кабарында.
ӨКМ мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантып, ал эми жайыттарда мал-жанды кармоону кыйындатаарын билдирди. ӨКМ тарабынан телефонограмма чыгарылып, коопсуздукту сактоо максатында жергиликтүү бийликтерге кабарланган. Андан сырткары, уюлдук операторлор аркылуу элге эскертүү иретинде СМС билдирүүлөр жөнөтүлгөн.