www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар бир турмушка чыккан мусулман аял токолду күтүп жашайбы? Эмне үчүн айрым эркектер бир эле аялга чектелип жашашат?

Негизи дин шарыятын олуттуу кабыл алган жана бул жаатта жоопкерчиликти сезген  эркектердин бардыгы эле экинчи аял алууга умтула беришпейт. Анткени жубайлардын арасында адилеттикти, тынчтыкты жана тең салмактуулукту сактоо бардыгынын колунан келе бербейт.  Көпчүлүк учурда экинчи үй-бүлө курам деп, биринчи үй-бүлөсүнөн кур жалак калган эркектер  жок эмес.  Ошентсе да ар бир мусулман үй-бүлөнүн келининин тагдырына токол жазылганбы же бул нерседен кантип сактанса болот деген суроолор туулбай койбойт.

Шарыятта экинчи аял алууга биринчи аялынын уруксаты шарт эмес экени белгилүү. Бирок, турмушка макулдугун берип жаткан кыз күйөөсүнө шарт койсо болот. Албетте, бул шарт: “Менден башка экинчи аял албайсың”- деген шарт эмес, анткени мындай шарт коюу менен Куранга каршы чыккан болуп калат. Мисалга: “Менден башка дагы бирөөгө үйлөнсөң,  анда мени бошотосуң”- деген шарт дурус болот. Мындай шартты токолду такыр кабыла албаган келиндер коюшат.

Же болбосо акылдуу аял эч кандай шарты жок эле күйөөсүнүн  телегейин тегиз кылып жашап, токол деген маселеден оолак болот. Анткени психологиялык жактан караганда, аялына көңүлү толбогон жана өзүн толук бактылуу сезбеген эркектер гана дагы бир жолу үйлөнүүгө умтулушат.   Андыктан “токол” тагдыры бир гана эркектердин колунда эмес. Күйөөсүнүн купулуна толуп, анын көңүлүн калтырбаган, ар дайым колдоо көрсөткөн аял дагы бул тагдырды өзгөртө алат.  Буга мисал - Азирети Хадийжа энебиз. Пайгамбар Мухаммад (с.а.в) Хадийжа энебизге үйлөнгөндө, ал пайгамбардан бир канча жаш улуу болгон. Буга карабастан экөө бактылуу сүйүүдө өмүр сүрүшкөн. Азирети пайгамбарыбыз Хадийжа (а.р.б) көзү өткөндө катуу кайгырып, көпкө чейин эскерип жүргөн. Анткени Хадийжа энебиз пайгамбарды сүйгөн, кадырын билген жана ар дайым колдоп жүргөн  жалгыз жубайы болгон эле. Ал эми пайгамбарга алгачкы жолу Куран түшкөндө аны колдоп, эң биринчи Исламды кабыл алган мусулман аял болгон. Ошондой эле бардык күч-кубатын, мал –мүлкүн Исламдын таралуусуна жумшаган. Азирети Мухаммад (с.а.в) анын көзүнүн тирүү кезинде башка аял алган эмес. Азирети Хадийжа энебиз пайгамбардын тукумун улаган жалгыз кызы берекелүү Азирети Фатиманы (а.р) мурас калтырып кеткен.

Каныкей Жаманкулова,

Ислам дини боюнча эксперт.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости