www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы Аламүдүн-1 кичи районунда жайгашкан №1 мектепте мугалим менен 9-класстын окуучусунун апасынын ортосунда чыр-чатак тутанды. Бул окуянын жыйынтыгында окуучунун туугандары анын документтерин алып кетишип, социалдык тармактарга каардуу кайрылуу жазышты. Алар мектептин директору менен мугалимдерин «окуучунун психикасына доо кетирди» деп айыпташууда.
Facebook түйүнүнүн колдонуучусу Аселя Амринова-Сатылганова 18-январда «директор Валентина Васильевна окуучуларды басынтып, сойкулар, зордукчулар деп атап, эч далили жок эле түрмөгө отургузам деп коркутат, ал эми кароолчу кызматтык ыйгарым укуктарынан ашып, ата-энелерди басынтып, мектептен кууп чыгарышат, алардын алдында колдорун шилтешет», - деп билдирүү калтырган.
«Англис тили мугалими «мени өлтүрүп саласыңбы?» деген сөздөр менен азгырат. Окуучуларды сыгыш үчүн баарын кылышат. Бул чектен ашкандык. Завучтар директордун башчылыгында сөздөрдү тандап сүйлөшпөйт, кайтаргандар камалгандар менен сүйлөшкөндөй сүйлөшөт. Ушуну менен окуучулардын психикасына доо кетирип, суициддик абалга жеткиришүүдө. Аларда өздөрүнүн финансылык мафиясы бар экенин баары билишет, бирок колдорунда далили жок болгондуктан эч нерсе кыла алышпайт. Мен ушуну менен токтоп калбайм, бардык мүмкүн болгон инстанцияларга жазам, анткени иш менин жакындарыма да жетти. Жакында эле баланын документтерин мектептен алып кетүүгө туура келди, себеби директордун жана алардын кол астындагылардын мазактоолоруна чыдап окууга мүмкүн болбой калды. Чараларды көрүп, күнөөлүүлөрдү жазалоону суранам», - деп ал социалдык тармактар аркылуу тиешелүү органдарга кайрылды.
№1 мектептен Амринова-Сатылганованын билдирүүсүнө пикир калтырышты. Мектептин директору Валентина Васильевна ага кайрылган журналисттерге сөз болуп жаткан 9-класстын окуучусу 1-2-чейректерде көп «2» алганын жана сабак калтырганы тууралуу айтып берди. «Мен жазгандарына абдан таң калдым. Кан басымым 200гө чейин көтөрүлүп кетти, бул жөн эле… сөз жок...», - деп билдирди директор.
Анын айтымында, өткөн ишембиде, 13-январда мектепте педагогикалык кеңешменин жыйыны өткөн. Ага 3-4-чейректерде окуусун жакшыртууга жардам көрсөтүп, ата-энелерге сунуштамаларды берүү үчүн айрым окуучулар ата-энелери менен чакырылган. Тактап айтканда, бүтүрүүчү класстарды жакшы аяктап алуусу үчүн жогорку класстардын окуучулары менен иш жүргүзүлүп жаткан эле. Ата-энелер сунуштамалардан кийин ыраазычылык билдиришкен, бирок «манжалары желпилдеген» ата-энелер да болгон.
Атап айтканда, 9-класстын окуучусу С.А.да «2» деген баалар көп. «Анын дагы башка көйгөйү бар: ал мектепке келет, бирок сабакка кирбейт, туруп алып кыздар менен кучакташат. Мен анын сабактарга киришин талап кылгам. Педкеңештен кийин апасы менен чыгып, фое аркылуу кетип баратып сөгүнгөн экен. Кароолчу ага сөгүнбөш үчүн эскертүү бериптир. Ал эми апасы болсо «тигилерге сөгүнүп» жатат (педагогикалык жамаатка) деп, өзү да «Тигр» коргоо кызматынын өкүлүн сөгүп салган. Фоеде ошол маалда завуч менен АЧБ боюнча орун басар жүргөн. Күзөттөгү администратор мектептеги бузуку жүрүм-туруму үчүн С.А.га жана анын апасына карата милицияга арыз жазган. Кечээ баланын жеке менчик мектепте информатика мугалими болуп эмгектенген эжеси келип, класс жетекчиден документтерин алып, инисин өзүнүн мектебине алып кетип калды. Ал өзү акылсыз бала эмес, окуй алат, бирок анын көйгөйү сабакка келбегендигинде жана жалаң «2» алганында», - деп айтып берди директор.
Анын сөзүнө караганда, окуучунун апасын педкеңешке баласынын окуусу тууралуу кабардар кылуу үчүн жана педагогдор менен бирге билимин жакшыртууга жардам берүүсү үчүн чакырышкан. Окуучунун психикасына доо кеткендиги тууралуу суроого директор мындай жооп кайтарды: «Ооба, албетте! Бул баланы… сиздер аны көргөндө...эх...».
Булак: "bilim.akipress"