www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус илдетинен каза тапкандардын саны Оманда 818, Ливияда 409, Ливанда 259, Кувейтте 575, Палестинада 278ге жетсе, Бириккен Араб Эмирликтери, Катар жана Йеменде вирус менен катталгандардын саны күн санап өсүүдө.

Оман Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан берилген маалыматка ылайык 13 киши каза таап, дагы 557 киши вирус менен катталды. Жалпы катталгандардын саны 91 миң 753кө жетти.

Ливия өкмөтүнө караштуу Оору менен күрөшүү улуттук борбору берген маалымат боюнча вирустан улам 11 киши каза болуп, жаңы катталгандардын саны 885га жетти. Ал эми өлгөндөрдүн жалпы саны 409, катталгандардын жалпы саны болсо 25 миң 822.

Ливан Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка ылайык 7 киши илдеттен улам каза болуп, 634 киши жуктуруп алды. Жалпы каза болгондордун саны 259, катталгандар болсо 26 миң 83кө жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости