www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17-сентябрла Чымкент гарнизондук аскер сотунда өткөн жарыш сөз уурунда аскер прокурору Түркстан облусуна караштуу Ордобасы районунда “аскердик бөлүмдөн курал-жарактарды уурдап сатышты” деп айыпталган беш кишини 5 жылдан 10 жылга чейин соттоону сурады.

Бул иш боюнча сегиз киши айыпталууда:

Кенже сержант Абылай Балгынбай – ички кызмат тартиптерин бузууга, курал-жарак, ок-дары, жардыруучу заттарды уурдоого, аларды мыйзамсыз түрдө сактоо, сатуу жана алып жүрүүгө жана “качкынчылыкка” айыпталууда.

Каганат Орынбек, Шынгыс Шатаев, Санжар Бекжан, Бауыржан Дамиров, Багдаулет Арын, Шадияр Камбар, Багдаулет Малик курал-жарактарды аскер бөлүгүнөн алып чыгууга жана сатууга көмөктөшүүгө айыпталууда.

Бул боюнча прокурор Абылай Балгынбай менен Шынгыс Шатаевди 10 жылдан эркинен ажыратууну сурады. Жаш баласы бар Орунбек тергөө менен кызматташып, сотто кылган ишине өкүнгөнүн билдирди. Аны прокурор беш жылга, калгандарын сегиз жылга кесүүнү сурады.

Жарыш сөз учурунда соттолуучулар аскер бөлүгүнөн 30 автомат, 30 пистолет жана ок-дарыларды чыгарып кетишкени айтылды. Абылай Балгынбай күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, өкүмдү жумшартууну сурады. Айрым соттолуучулар айыптоолорду четке кагышып, соттон актоону өтүнүштү.

Эске салсак, быйыл февралда Балам айылында жайгашкан 10216-аскер бөлүгүнөн аскер кызматкери качып кеткени белгилүү болгон. Ал 30 Калашников автоматын, 27 Макаров пистолетин жана 429 ок ала кеткени айтылган. Кийинчерээк бул иш боюнча шектүүлөр кармалганы маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости