www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан араб уюмдары берген насыяга Ысык-Көл облусунда 80 чакырымдык автожолду оңдойт. Сауд Арабиясы жана Кыргызстан ортосунда былтыр кабыл алынган келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюлганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Долбоор алкагында 2025-жылдын аягына чейин көл жээгиндеги автожолдун Корумду—Балбай Баатыр айылдарынын ортосундагы 104-184.5 чакырымдарында машиналар төрт катар болуп өтө алчу жол тийиштүү инфраструктурасы менен кошо салынат.

Жолду жаңылоо долбоорун ишке ашырууга жалпысынан 128 миллион доллар талап кылынат.

Анын 35 миллионун Сауд өнүктүрүү фонду насыя түрүндө 25 жылга беш жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен берет, жылдык пайыздык үстөгү 1% болот.

Калган 93 миллион долларын Кувейттин араб экономикалык өнүктүрүү фонду, Абу-Даби өнүктүрүү фонду, Ислам өнүктүрүү банкы жана Мунай экспорттоочулардын эл аралык уюму (OPEC) бөлүп берет. Мындан тышкары кыргыз өкмөтү 12 миллион өлчөмүндө каржылайт.

Ал эми Ысык-Көлдүн боюндагы Балыкчы-Корумду жолунун курулушу 2017-жылы декабрь айында аяктамак, бирок кытайлык инвестор тарап менен пикир келишпестиктерден улам бул долбоор толук жыйынтыктала элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости