www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын полициясы шаардык метродо беткапсыз же мээлейсиз жүргөндөргө кайрадан айып сала баштады. Коомдук транспортко байкоо жүргүзүү 1-2-августтан тартып күчөтүлгөнүн ТАСС маалымат агенттиги күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, акчалай жазанын өлчөмү беш миң рублга чейин болот.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу 12-майдан тартып Орусиянын борборунда беткап жана мээлей менен жүрүү милдеттендирилген. Ошол эле учурда ачык жерлердеги коомдук жайларда беткапсыз жүрүүгө болот.

4-августтагы статистика боюнча Орусияда коронавирус жукканы аныкталгандар 860 миңден ашты. Алардын дээрлик үчтөн бири Москва шаарына туура келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости