www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Далайлардын мурдуна чүлүк салып, быш эттирбей кезинде ээрчитип алган Манас Арабаевдин даңазалуу көмүскө иштерин уккан жайыбыз бар. Бүт соттук иштерди ушул чиновник эптештирет деп какылдашкандан кийин аны кызматтан алып, кутулушкан бийликтин лөктөрү. Бирок, жарым жыл аралыгында алгылыктуу жылыштар болбогону кооптондурат. Кайкып, учуп жүргөн бул кармалбас кишини көрүшсөделе тымпыйып унчугушпайт.
Чамасы мурдагы “табакташтары” анын таманына сыз өткөрбөй,өнтөлөп багып турууга чыгынышкан сыяктуу. Кантсе да биргелешип оокатын жасап жүрүшпөдү беле? Антпесе кызматтан түшөр замат колуна кишен салып караңгы жерге камап салышмак да? Калгандарды тез эле киргизчү жерге жеткирип коюшпадыбы? Демек, Манастын изине түшүүгө оперлер эмес алардын чоңдору даабай жатышкандай. Эгерде эле аны кармашса кыйла былыктар үстүгө былтыйып чыгып кетпейби. Айтор, туңгуюкка кептелген ишти эртең эле аягына чыгара салуу оордук кылат го?..
Булак: "Ачык сөз"