www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саны көп, сапаты жок илимпоздор

Ой тоббо, биздин мамлекетте бүгүнкү күндө 940 илимдин доктору, 3980 илимдин кандидаттары бар экен. Тилекке каршы айрым “плагиат” илимпоздордун былыгы чыгып жатканын нормалдуу көрүнүш деп эсептөөгө болобу? Балээниби. Аныгында бирөөнүн көз майы корогон, мээнети кеткен эмгегинин чыпчыргасын коротпой көчүрүп алган окумуштуулар эмнени кыйратмак эле? 

Тили безилдеген депутат Акылбек Жапаровдун “даражасы” да жасалма  экендигин “из кубарлар” чукуп чыгышты. Эгерде дагы шиши менен жакшылап көөлөсө далай кулактар жерден тик чыгаары күмөн жаратпайт десек болот.

Жогорку эшолондогу докторлордун, анын артынан илешип келаткан кандидаттардын студенттерге дарс окуганы, коомчулуктагы орду канчалык деңгээлде заманга шайкеш келер экен? Ооба, арасында өз маңдай тери менен сыймыкка жеткендер туурасында кымындай жаман сөз болбойт дечи? Ал эми эптеп даражага жетип алгандардын эртеңкиси эмне болот? Же баягы көндүм адат боюнча ийин куушуруп тим болобу, бийик жерде отурган атка минерлер? Анткени айрым окумуштуу “сөөрөйлөр” баланчанын кудасы, түкүнчөнүн өкүл атасы, дагы бирөөнүн таякеси болуп чыгары калетсиз. Чын эле мынча окумуштуусу бар өлкө болсок эбак асмандагы айдын ичиндеги жашоосун аныктап чыкмакпыз. Эмнеси болсо да эчтемкеге жарабаган, акчаны гана самандай шыпырган окумуштуулардын армиясын багууга жаралган өлкө болдукпу? Же жегендерин кустурууга бийликтин дарамети жетер бекен?

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости