www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сауд Арабстанынан келген ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү Жалал-Абад шаарында ишкердикти өнүктүрүүгө, туризм жана башка тармактарда өз ара кызматташтыкты күчөтүүгө, пайдалуу байланыштарды түзүүгө кызыкдар. Бул тууралуу ушул өлкөдөн келген өкүлдөр менен Жалал-Абад шаарынын мэринин жолугушуусу учурунда белгилүү болду.
Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев СаудАрабстанындагыKingSaudUniversityжогорку окуу жайынын проректору жана профессору Мохаммед Али аль-Салих баштаган топту кабыл алып, өз ара байланыштар жана кызматташуулар тууралуу талкуулашты. Шаар мэри алыстан келген коноктордун атайын Жалал-Абад шаарына кызыгып жатыша жогорку баа берди жана пайдалуу кызматташтыктар үчүн дайыма эшик ачыктыгын жана жергиликтүү бийликтер тарабынан зарыл колдоолор болорлугун белгиледи.
Ардактуу конок Мохаммед Али аль-Салих ушуну менен Жалал-Абадда 3-жолу келгенин, ал эми Кыргызстанга төртүнчү жолу келип жатканын, бул жаратылышы кооз ажайып өлкө ага аябай жакканын баса айтып кетти. Ошондой эле Кыргызстанда жана анын ичинде Жалал-Абадда мусулмандар арасында соопчулук иштерин жүргүзүү менен аймакта ишкердикти өнүктүрүү багытында иш алып барууну көздөшөрүн билдирди.
Шаа мэри М. Тагаев Жалал-Абад шаарында туризмди өнүктүрүүнүн жана өнөр жай ишканаларын иштетүү жагынан өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин бар экенин белгилеп, коноктордун көңүлүн шаар четинен чыга турган минералдык ысык сууларга, мисте токойлоруна буруп, токойлуу аймакка баруучу асма жол куруу жана андан киреше табуу жагынан жакшы сунуштарга бурду. Мамлекеттик жана жеке менчик өнөктөштүк алкагында иш жүргүзүүнүн жакшы шарттарына токтолду.
Тараптар өз ара ишкердик жана маданий байланыштарды чыңдоо жана пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бир катар маанилүү темаларды талкуулашты жана мындай жолугушуулар дагы улантылышы зарылдыгын белгилешти.
Келген коноктор жылуу кабыл алганы үчүн шаар мэрине ыраазылык билдиришти.
Булак: NazarNews.kg