www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
– Айнаш Абдымановна, сиздин Жогорку соттун эки тизгин, бир чылбырын колуңузга алганыңызга 3 жылга аяк басканы калды. Бул аралыкта сотторго болгон элдин ишиними дээрлик нөлгө түштү. Эмне үчүн сиздин учурда соттордун кадыр-баркы мурдагыдан да болуп көрбөгөндөй төмөндөп кетти деп ойлойсуз? Бул сиздин иштин көзүн билбеген жетекчи катары жөндөмсүздүгүңүздүн кесепети экенин моюнга аласызбы? Сот реформасы жүрбөй токтоп калышына өзүңүздү айыптуу катары эсептейсизби? Элдер эмне себептен сотторго нааразы? Орчундуу төрт себебин санап бере аласызбы? Азыркы кезде Алмазбек Атамбаевдин тушунда коррупцияга шектелип камалып, соттолушкан бир катар саясатчылар менен аткаминерлер ак жеринен запкы тарткан, саясий куугунтук жегенин айтып, ботодой боздошууда. Айрымдарынын иши кайра каралууда. Сиз саясий куугунтук болгон деген пикирлерге кошуласызбы? Кошулбасаңыз, сотторго көлөкө түшүргөн пикирлер эмне себептен айтылып жатат деп ойлойсуз? Туура эмес чечим чыгарган канча сотко чара көрө алдыңыз? Сиз келгени сот тармагында тартипсиздик өөрчүп, Жогорку сотто сиздин тааныштарыңыз шейшеп сатып калганы маалымат булактарында кеңири талкууланды. Буга чейин соттордун кадыры шейшеп деңгээлине чейин түшкөн учур болду беле? Эстеп айтып бере аласызбы? Деги эле сиз өзүңүздү кандай иштедим деп айта аласыз? Ишенимди актай алдыңызбы? Сот тармагындагы коррупцияны кандай жол менен жеңсе болот? Сиз коррупцияга каршы кандай механизмдерди киргиздиңиз? Жаңылануу киргизгенге кудуретиңиз жетпесе, текке кеткен үч жыл үчүн уяласызбы?
Булак: “Фабула”