www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакынкы күндөрү Москвадагы “Диссернет” уюму бир канча кыргыздын тың чыкмалаларынын илимий иштери плагиат түрүндө, көчүрүлүп алынганын, плагиат болгонун айтып чыгышты.
Азырынча ошол жасалма илим докторлордун эң белгилүүсү Бишкек шаарынын вице-мэри Эркин Исаков болуп чыкты. Көрсө анын диссертациясы толугу менен Дагестандын эски президенти жазган иштен көчүрүлүп алыныптыр.
Кечирим суроонун ордуна, фейсбукту активдүү пайдаланган Эркин Исаков “Дагестан менден көчүрүп алган” десе болобу? Бети жокторго айла жок экен да, эй.
Юракадемиянын окутуучулары мурунку депутат Турдукан Жумабекова жана профессордук наамды алган Нонна Розахуновалар дагы плагиатчы болуп чыгышты. Алар эми жумуштан алынбаса, кантип жаштарабызды, өзгөчө келечектеги судья жана прокурорлорубузду акыйкаттыкка үйрөтө алышат?
Урматтуу министр Кудайбергенова, тез арада булардын жалган даражалары жокко чыгартылып, иштеринен айдалышын талап кылабыз,- деп жазат elnews.media.
Кызыгы, КРнын Билим Берүү министри Гүлмира Кудайбердиева илимди түшүнсө чара колдонобу? Дегенибиз, көйкөлүп басканы эле болбосо жарытылуу иш кылып эмес, жалчытып сүйлөй албаган министр айымды кимиси эмнесине кызыкдар экени түшүнүксүз. Ага караганда Атамбаевдин запкысын тарткан, илим-билим чөйрөсүн семичкедей чаккан, мурдагы депутат Каныбек Осмоналиевди билим берүү тармагына кызматка койсо ташбака жүрүштөн, жок дегенде тайлак жүрүшкө өтөт белек.
Булак: NazarNews.kg