www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 6-июлдагы брифингде коронавирус инфекциясына арак кандай таасирин тийгизерин билдирди.

Анын айтымында, далилденген медициналык ыкма боюнча гана дарылануу керек жана спирттик ичимдик ичсең айыгасың деген туура эмес.

“Эң негизгиси аныкталган дары-дармекти колдонуу керек. Бизде 54 жагдай боюнча дары-дармектер бар. Алардын 12си боюнча тартыштык бар, бул деген жок дегенди түшүндүрбөйт. Ал эми 42 жагдай боюнча дары-дармек жетиштүү. Ал эми кечинде арак ичип, сүртүнүп жатсаң эрте менен коронавирустан айыгасын деген туура эмес. Анткени организм ар бир адамдыкы ар башка. Далилденген гана медицина менен дарылануу керек”, - деди Каратаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости