www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Актриса жана ырчы Асемага Инстаграмдагы колдонуучусу: “Болгон ырчылардын баары чуркап жардам берип жүрүшөт. Сиз көрүнбөйсүз го? Анжеликага “Датка” наамын берүү керек”-деп билдирүү калтырган.

Буга жооп иретинде Асема: “Бергиле, башкасын да бергиле! Менин өзүмдүн жеке үй-бүлөмдөгү түйшүгүм толтура. Мен энемин! Эри бар аялмын! Мен силерге милдеттүү эмесмин” - деп жооп берген.

Ага кошумча, “бергиле, башкасын да бергиле!!!)))”, деп жылмайган белгини калтырган. 

--Мен эле көрүнбөй жатсам, бир нерсе кемип же көбөйүп кетмек беле. Сизге окшоп телефонду чатыма коюп, инстадагы пиарларды көрүп жаткан жерим жок! Өзүмдүн жеке үй-бүлөмдөгү түйшүгүм толтура! Мен – Энемин! Эри бар аялмын! Сизге, башкасына караганда өзүмдүн бирге чыга элек уулумдун ден соолугу маанилүү!

Мага караганда эркек мүчөсү барлар чуркасын, кылсын, жардам беришсин же болбосо биринчи потокто жардам бербегендер беришсин. Биздин үй-бүлөөдөн жолдошум жүргөнү жетишет деп ойлоймун и вообще мен силерге милдеттүү эмесмин!

Ушундай догурунган нерселерди токтоткула, уят! Ошончо менин жардамымды көргүңүз келип атса, мен сыркоолоп, бир да больница албай койгондо кайда элеңиз, кана ким келип мага боор тартып. Акыбалымды сурады. Түшүнбөй калсаңыз, газга мээни жылытып ишетиңиз, коронавируска мен чакыруу берген эмесмин!

Мени айланып кете бериңиз, претензияңызды өйдө жака айтып, мактооңузду пиарщиктерге жазып. А мага сынды айтчу адамым бар жана отчётту бир гана Аллах сурайт! – деп шилтеме калтырган.

Чын эле ырчы Асеманын айтканында жан бар сыягы. Акыркы учурларда жашап жатканына милдет кылгандар көбөйдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости