www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын Махараштра штатынын жашоочусу Шанкар Кураде алтындан бет кап жасатты. Анын салмагы 56,7 грамм экенин чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ал күмүштөн жасалган бет кап тагынып жүргөн адамды көргөндөн кийин алтындан бет кап жасатууну чечкен.

 "Мен салмагы оор алтын шакек, чынжырча жана башка зер буюмдарды тагынганды жакшы көрөм. Мындан улам алтындан бет кап тагынууга эмнеге болбосун деп ойлодум. Жергиликтүү зергерге алтындан бет кап жасатууга буюртма бердим. Учурда менин бет кабыма кызыккандардын саны арбын болууда. Биздин үй-бүлөбүздүн алтын буюмдарга болгон кызыгуусу бул аймактын тургундарына жакшы маалым. Бирок алтын бет кап жаңы көрүнүш болду. Албетте, бир гана бет кап тагынуу вирустан сактап калбайт, мен санитардык талаптардын бардыгын аткарышым керек", - деген ал жергиликтүү басылмаларга берген маегинде.

Алтын бет кап 3 миң 870 долларга жасалган жана дем алууга ылайыкташкан.

Аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, өлкөдө жалпысынан коронавирус инфекциясын 648 миң 315 адам жуктуруп алган. Алардын ичинен 394 миң 433 адам айыгып чыкса, 18 миң 655и каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости