www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаары, Ноокат жана Кара-Суу райондору боюнча комендант Малик Нурдинов өзгөчө абал убагында аталган аймактарда спирттик ичимдиктерди сатууга тыюу салганын брифинг маалында билдирди.
Анын айтымында спирт ичимдиктерин ичкен адамдар кызуу болуп алып, бири-биринин үйүнө коноктоп кетиши мүмкүн. Андыктан жарандардын коопсуздугун сактоо максатында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу чечимин кабыл алганы белгилүү болду.
Мына ушул чечим мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарын, анын жазмакерлерин катуу чычалатканына күбө болуп жатабыз. Алар “эми жакында аялдарды кыска юбка кийбегиле деп тыюу салат, анан башка динге ишенип жатасыңар деп куугунтуктайт, мамлекетти афгандаштырууну токтото албай тургандай сезим болуп жатат” деп тим эле көзү ачыктык кылып жиберишти.
Биринчиден, алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салуу ошол аймакта жашагандардын коопсуздугу үчүн жасалып жатат. Чындыгында эле мас абалындагы адамдар өз контролун жоготуп коюшары белгилүү. Бул убактылуу гана чектөө.
Экинчиден, АШАнын тарапташтарын эч ким “ичпегиле” деген жок. Эгер каалашса, АШАнын бош калган “10 граммдык” рюмкасына кезектешип иче беришсе болот. Кыязы, Кой-Таштагы АШАнын хансарайында буканын этинен куурдак менен “жүздөшүп” жүрүшүп катуу көнүп калышкан окшойт. Алар “дальше” “жүздөшө” беришсе болот, эгер өздөрүнүн, жакындарынын коопсуздуктарын ойлогулары келбесе.
Үчүнчүдөн, мамлекетти эч ким афгандаштырайын деп аракет кылган жок. Кыргызстан парламенттик башкаруу формасынан эч кайда бурулбай турганын мамлекет башчысы айтып эле келе жатат. Андыктан кылдан кыйкым издөөнүн кажети жок. Аракка тыюу салууга ушунча чычалашканына караганда, алар Атамбаевдин сүйүктүү “суусундугу” үчүн да күйүп-бышып жатышат окшойт, - деп Беспредел KG-КР Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg