www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Урал авиалиниялары» аба каттамы 15-апрелде Россиянын Екатеринбург шаарынан Ташкентке 152 эмгек мигрантын алып келди. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой аба кемесиндеги 101 киши Свердлов облусунда эмгектенишкен болсо, калганы башка региондордон алдын ала чогулушкан.

Аба каттам саат 20:00дө Ташкентке конгон.

Буга чейин аба кемеси сүйлөшүлгөнү менен карантинге байланыштуу токтотулган эле.
Бул каттамдын учуусуна Свердлов облусунун губернатору Евгений Куйвашев жана Өзбкестандын Екатеринбург облусундагы элчилиги активдүү роль ойношкон.

Свердлов облусунун акыйкатчысы Татьяна Мерзлякова ушундай эле каттам Дүйшөнбүгө да пландалып жатканын маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости