www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аралыктан окуган балдардын көрүүсү эрте начарлайт

Аралыктан окуган балдардын көзүнүн көрүшү болжол менен 1,5 эсе тезирээк начарлайт. Бул тууралуу "Инвестия" басылмасы Кытай окумуштууларына таянуу менен жазды.

Вэньчжоу медициналык университетинин кызматкерлери 10 жылдан бери ар алты ай сайын кароодон өткөрчү долбоордун алкагында миллиондон ашуун окуучунун көзүнүн көрүүсүн текшерген. Окумуштуулар 2019-жылдын июнь-декабрь айындагы жана быйылкы январь-июндагы маалыматтарды салыштырган. Натыйжада карантин шартында окугандардын алысты көрүүсү (миопия) болжол менен бир жарым эсеге начарлап кеткени аныкталган.

Мындан сырткары, 1-6-класстын окуучулары көзүнүн көрүүсү боюнча башка дагы чоң көйгөйлөргө тушугары айтылат.

Офтальмологдордун айтымында, адамдын оптикалык системасы алты жашка чейин жакшырып, ал эми болжол менен 10-12 жашында толугу менен калыптанат. Адам алысты караганда көз өз калыбында тынч эс алат. Ал эми балдар карантинде убактысынын 90 пайызын экран алдында өткөрүшү көрүүнүн начарлоосуна түздөн-түз таасир этүүдө.

Ошондуктан тобокелчиликтерди азайтуу үчүн окулисттер окуу учурунда компьютерден бир саамга оолактап алысты карап турууга кеңеш берет. Ал эми окуу бүткөндөн кийин телефон, планшетти такыр колдонбоо керектигин айтат. Жадагалса телевизор көрүүдөн баш тартып, китеп окуунун убактысын чектеш керек. Анын ордуна балдарды көчөгө чыгып ойношуна шарт түзүүнү сунуштайт.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg



 



 

Последние новости