www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы Коомдук телерадиокорпорацияга (КТРК) 10-январда боло турган референдумга коюлуп жаткан маселелер боюнча пикирин айткандарга эфирди бирдей убакытта жана бирдей шартта берүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-декабрда өткөн жыйында «Парламенттик республика үчүн» үгүт тобунун жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин кайрылуусу каралды.

Бекешев БШКга кат менен кайрылып, КТРКнын теле эфиринде президенттик башкарууга үндөгөн көрсөтүүлөр кетип жатканын билдирген жана каналдын жетекчилигин жоопко тартууну өтүнгөн.

Боршайкомдун бул маселе боюнча отурумуна КТРКнын жетекчилиги да катышты. Алар келтирилген жүйөлөргө макул болуп, парламенттик башкаруу боюнча көз каранды эмес эксперттерге да эфир берүүгө даярдыгын билдиришти.

БШК белгилегендей, «Референдум жөнүндө» конституциялык мыйзам референдумдун катышуучуларына маалымат берилип жатканда үгүт элементтери камтылышына тыюу салат.

Белгилей кетсек, 10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтөт.

Шайлоочулар же президенттик, же парламенттик форманы тандап же экөөнө тең каршы добушун бериши керек.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости