www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Дүйшөнбек мырза, Албек Ибраимовду тааныйсызбы?
— Албекти аябай жакшы тааныйм.
— Ушул жерде чоңойгонбу?
— Ооба, үйү мага жакын.
— Ал мурун эле олигарх беле?
— Жок эй, Атамбаевдин жанында жүрүп, кызматка баргандан баштап бай болду.
— Ал кишинин Атамбаевге жакындыгы барбы?
— Албекти менин угушумча Турдубек байке Атамбаевге “Менин иним болот” деп ээрчитип барган. “Автомаш” заводунда “завхоз” болуп иштеп жүрдү. 2010-жылдан кийин бийлик Атамбаевдин колуна тийгенден кийин Албек Бишкек СЭЗге, “Дастанга” директор, президенттик аппаратта иштеди, “Манас” аэропортуна жетекчи, Бишкек шаарына мэр болду. Атамбаевдин эрке баласы, ишенимдүү кишиси болуп чыкпадыбы.
— Аны мал менен бизнес кылып көтөрүлгөн деп айтып жүрүшпөйбү?
— Андай эмес. Мал чарбасы деп айтууга деле болбойт аны. Анча-мынча малы бар болчу.
— Албектин бул айылда канча жери бар?
— 50–60 гектер чыгат болуш керек. Ошончо жерди тегеретип адам чыга албай турган кылып дубал менен тосуп чыкты. Мурун дубалы жок болчу. Өткөн жылы эле тосту. Ичинде азыр деле курулуш жүрүп жатат. Атамбаевдин учурунда баштаган. Айдоо жерге кошуп, дөңдүн баарын тосуп алып жатпайбы. Мурунку айыл өкмөткө эмнеге бересиңер, ал жерге эл малын жаймак деп чогулушта айткам. 6 млн сом төлөгөн дешкендей болгон. Ушул айылда жашаган биздин болгону 23–50 сотых жерибиз бар.
Булак: Жаңы ОРДО