www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясий абал курчуса бийлик Атамбаевди жоопкерчиликке тартат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Равшан Жээнбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, экс-президент Алмазбек Атамбаевде эч кандай кол тийбестик макамы жок. Бир дагы мамлекет президентке, жөнөкөй жарандарга кылмышка кепилдик бербейт.

«Мыйзамда жазылган күндө да Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга толук негиз бар. Узурпация, коррупция, адам өлтүрүү жана системалуу түрдө адам укуктарын бузууга бир да мамлекет уруксат бербейт. Атамбаевдин камоолору жыйынтык бербеди. Бул коррупция менен күрөш болгон жок. Камоо-реформа деп аталбайт», — дейт Жээнбеков.

Равшан Жээнбеков Атамбаевдин 6-июндагы билдирүүсүнө комментарий берип жатып экс-президент жаңылып жатканын айтат. Анын пикиринде Исаков, Кулматовду камакка алууда эч кандай өч алуу болгон эмес.

«ЖЭБден башка да көп маселе чыгат. Атамбаев, «өлкөдө бардык маселени сот чечсин, мен адилеттүү сот системасын куруп кеттим» деп айтса болмок. Азыр өзү койгон күч органдары иликтөө жүргүзүп жатат. Атамбаев бийликте турганда эмне үчүн бажыдагы, ЖЭБдеги коррупцияларды аныктаган жок? Болбосо убагында коррупция менен күрөшүп жатканын айткан. Эгер экс-президент кол алдындагы коррупцинерлерге чара көрбөгөн болсо, Кыргызсандагы биринчи коррупционер Атамбаев болгон болот», — дейт Жээнбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости