www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Араван районунда 2018-жылдын 5-май күнү саат 19:30 чамасында, Ноокат райондук гидрометеорологиялык станциясынын маалыматына ылайык ылдамдыгы болжол менен секундасына 25-27 метрге жеткен катуу шамал катталган. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. 

Шамалдын кесепетинен Юсупов айыл аймагынын Пахта-Арал айылындагы 14 турак үйдүн жана чарбалык курулуштарынын 441 даана шиферлери жана 216 м2 темир тунукелерин учуп, айылдын 450 метр электр чубалгысы үзүлгөн. Ошондой эле, Юсупов айыл аймагынын тургундары Муратов А. “Опел-Астра” үлгүсүндөгү жеңил унаасы жана Шарипов М. “Мерседес-Бенц-280” үлгүсүндөгү унаасы жабыркаган. Мындан сырткары, Анаров айыл аймагынын Ачы айылындагы Араван-РЭТ ишканасынын чарбалык курулушунун 80 м2 темир тунукелерин жана Араван айылындагы 4 турак үйдүн жана чарбалык курулуштарынын 90 даана шиферлерин жана 40 м2 темир тунукелерин учуруп кеткен. Жабыркагандар жок.   

Жалпы район боюнча 18 турак үйдүн жана чарбалык курулуштарынын 531 даана шиферлерин, 256м2  темир тунукелерин жана 1 социалдык объектин 80 м2 темир тунукесин учурган.

2018-жылдын 6-май күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Алдын ала алынгам маалымат боюнча жалпы келтирилген материалдык чыгым 277 220 сом түзгөн.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости