www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында 3-майда өткөн жеке концертинин маалында Казакстан эл артисти, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Роза Рымбаева сахнада сүйлөп жатып, оркестрдин коштоосунда ырдоону каалаганын билдирди.

"Бишкек – бул борбор шаар, ошондуктан өз оркестри болгону туура" дегендей пикирин айтты. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги төмөнкүнү маалымдайт.

Кыргызстанда бир нече: опера жана балет театрынын симфониялык оркестри, президентке караштуу “Манас” камердик оркестри жана Мамлекеттик филармонияга караштуу оркестр бар. Кийинки жолу Р. Рымбаева Кыргызстанга концерт коёр алдында Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кайрылса, биз жардам берүүгө даярбыз. 

Эске салалы, Роза Рымбаеванын концертин жеке продюсерлер уюштурган.

Бул тууралуу аталган министрлик пикирин Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости