www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
3-майда саат 00:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Араван районунун Достук айыл аймагынын Маданият айылынын Ош-3000 көчөсүндө сел жүрүп, турак үйлөрдүн короолорун жана жер төлөлөрүн каптаган. Бул тууралуу ӨКМнын Ош облустук башкармалыгынан билдиришти.
Ноокат районунда да жааган жамгырдын кесепетинен сел суулары түшүп, айрым тилкелерде тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Сел калдыктарын тазалоо иштерине Ноокат райондук №37 Жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер тартылып, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Кырдаалды жеринде көзөмөлдөө максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, подполковник Э. Мусаев сел жүргөн Араван жана Ноокат райондоруна барып, кооптуу тилкелерди жеринде көрүп чыкты. Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, тиешелүү кызматтарга ыкчам тапшырмалар берилди.