www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоону өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда комиссиянын мүчөсү Атыр Абдрахматова үгүт өнөктүгү учурунда Араванда болгон массалык мушташ фактысы боюнча маалымат угууну сунуш кылды.

Ал мындай жагдайга коомчулуктун көңүлү бурулуп жаткандыгын белгиледи.

“Биз Ички иштер министрлигине сурам жөнөттүк жана ыкчам жооп координациялык тобу маалымат алгандан кийин карап чыгууну сунуштайбыз. Андан кийин БШКнын отурумуна талапкерлердин же буга жол берген партиялардын жоопкерчилиги жөнүндө маселени көтөрүү керек”, – деди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова жоопту тездетүүнү суранды.

“Эгер алар жоопту кеч беришсе, анда биз аны кеч карайбыз. Ошондо бизге нааразычылыктар пайда болот”, – деди Абдрахматова.

Белгилей кетсек, Араван районунда үгүт учурунда мушташ болуп, ага 100гө жакын адам катышкан. Мушташтын натыйжасында райондун 12 тургуну жабыркаган. Мындан улам Араван РИИБнин жетекчиси кызматтан алынган жана аймакка кошумча күч тартылды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости