www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйылкы жылы удургуп кирип келген коронавирус дарты дүйнө элинин көпчүлүгүнүн жүрөгүнүн үшүн алганы менен ушул дарттан улам байлыкка туйтунушкан адамдар деле чыкпай койгон жок. Элдин кайгысынан бизнес жасаган дарыбарондор Дамира Ниязалиева, Космосбек Чолпонбаев сыяктуулар дарыларын көкөлөтүп алышып, өздүк байлыктарын көп эсе көбөйтүп алышты. Кээ бир атка минерлер гумжардамдан “дүңүнөн” сугунушуп, аларды кайра дүкөндөрдөн алып чыгып саттырып оңбогондой пайда көрүштү. Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөөбаев Ысык-Көлгө губернатор болуп кетти. Бирок, Бишкекке келген гумжардам боюнча отчет бере элек.

Карантиндин пайдасын айыл өкмөттөрү да табышты. Алсак Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт мырза кол алдындагыларга айлык деп 113 528 сомдон бөлүп, коронавируска гуманитардык жардамга келген 4 000 000 сомду сугунуп койгон. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Воронцовка, Бир-Булак, Таш-Дөбө, Чоң-Таш, Заречный жана башка айылдардын жети миңге чукул адамы карантин учурунда «жел соруп» күн көрүштү. Ал эми Бир-Булактык Бакыт мырза демөөрчүлөр карантинге карата берген азык-түлүктөн берилген гуманитардык жардамдарды жакындарына, тааныштарын берип 4 000 000 сомдун изин жашырган. Бул тууралуу айыл өкмөтүнүн эли билип калып, коопсуздук кызматкерлерине билдиришкен. Прокуратуранын кызматкерлери өз учурунда бул кылмыш ишин тергеп, 4 миллион сомду ордуна коюуга милдеттендирген. Бул акча каражатын төлөөргө келгенде айыл өкмөтү Бакыт мырза жер жутуп кеткен сыяктуу жок. Эмне карантинге келген миллиондорду ичип-жеп алып качып кетсе боло береби? Карантинде «жел ооп» турган кары-картаңдардын, жетим-жесирдин убалы кимге?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости