www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергохолдингдин башчысы депутаттыктан талапкерлигин алды

“Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айтмамат Назаров саясий бирикменин тизмесинен чыкты. Бул тууралуу ал өзү билдирди. Ал талапкерлигин алуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган.

"Урматтуу достор!

Шайлоодон талапкерлигимди алып салууну чечтим. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына мени “Кыргызстан” саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча арыз жаздым.

Буга чейин электр энергиясы жок айылдардын бирине электр жарыгын берүү аземине катышуу боюнча мага айтылган сын-пикирлерден кийин ушундай чечим кабыл алдым.

Улуттук энергохолдингдин төрагасы катары, мен алдыма өлкөдөгү бардык айылдарга электр энергиясын этап-этабы менен жеткирүү максатын койгом. 21-кылымда электр жарыгысыз жашаган учур болбошу керек деп эсептейм. Менин Жазы-Кечүү айылына электр энергиясын берүү аземине катышуумду саясий агитация катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Ошол себептен мен үчүн элге кызмат кылуу - депутаттык мандаттан да баалуу экендигин көрсөтүү үчүн шайлоо жарышынан өз талапкерлигимди алып салдым"- деди ал өз кайрылуусунда.

Ишеним мен үчүн чоң мааниге ээ жана бул үчүн биз баардыгыбыз мыйзамдын талаптарын аткарууга үйрөнүшүбүз керек.

Эске салсак, Назаров 24-августта Улуттук энергохолдингдин башчысы катары ыйгарым укуктарын убактылуу токтоткон, бирок 1-сентябрда Жазы-Кечүү айылына келип, электр жарыгын берүү аземине катышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости