www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүрсүгүнү 1-сентябрь... Жаңы үмүттөр менен жаңы окуу жылы башталат. Тилекке каршы, Ош облусунун Араван районундагы мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгы өтө начар абалда. Анткени, Араван райондук билим берүү бөлүмүн төрт жылдан бери Тейитбек Раимкулов деген «юрист» болумуш чаласабат бирөө башкарып, билим-тарбия тармагынын ашмалтайын чыгарды (Т.Раимкулов убагында билим аттестациясынан да өтпөй калган. Бирок, билимсиз болгону менен алдамчылык, жемекейлик жагынан алдына адам салбайт экен: үстүнөн эчен ирет кылмыш иши козголуптур.)

Жетекчинин компетентсиздигинин жыйынтыгы ушул: акыркы жылдары Араван району билим берүүнүн сапаты боюнча республикадагы арткы орунду эч кимге бербей келатат. Облустук бийлик облусту артка тарткан РБББ жетекчисине карата түзүк эле чара коргөнсүйт: эчен жолу сөгүш берди. Акырында ишиндеги одоно кемчиликтери боюнча ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө токгом да чыгарышты. Анын негазинде Араван районунун акими Курманбек Айтибаев билим берүүжана илим минисгрлигине Т.Раимкуловду кызматтан бошотуу боюнча расмий сунуш да жөнөттү. Бирок, змнегедир аталган министрлик алиге чейин эч кандай чара көрө элек. Ал эми Тейитбек «баатыр» азыр бир канча жолу соттолгон А.Суксуралиев деген «жазмакер» менен М.Аликулов деген юристти кеңешчи кылып алып, өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип, мыйзамсыз иштерин улантууда. Ошентип Араван районунун мектептери жаңы окуу жылын дагы да чаласабат, алдамчы, жегич башчы менен баштаганы турат.

Баса, «сууга салса чөкпөгөн» Т.Раимкуловду жакындан «тааныгысы» келген-дер «Ю-Тубдан» “Мына сага! Араванда кьшмышкер мектеп башкарууда”деген видеоматериалды карап коюшса болот. Министр Гүлмира Кудайбердиева дагы бир көз салып койсо болмок...

Булак: “Азия Ньюс”

Последние новости