www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын кызматкери Эмилбек Кимсанов Кара-Суу районунун Мады айылдык кеңешинин депутаты Тургунбек Жумаевди сабап салды деп шектелүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык ички иштер башкармалыгындагы булактар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя аз күн мурдараак болгон. Кимсанов жергиликтүү кеңеш аркылуу Мады айылынан жер сатып алууга аракет кылган учурда, Жумаев каршылык билдирген. Натыйжада бажы кызматкери депутатты Ош шаарынын Кулатов кичирайону жакта жайгашкан өзүнүн үйүнө алдырып келип бир нече балдар менен сабаган. Ал Жумаевди арматура менен уруп, тапанча менен опузага алганы айтылды. Тургунбек Жумаев бир нече күн ооруканада жатып, араң өзүнө келген.

Кимсанов менен Жумаевдердин өздөрү менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Жабырлануучунун жакындары ушундай окуя болгонун ырастап, бирок комментарий берүүдөн чочулап турганын айтышты.

Факт боюнча кылмыш иши козголгону же козголбогону азырынча белгисиз. Ош шаардык ички башкармалыгынын басма сөз кызматы комментарий берүүдөн карманууда.

Ишенимдүү булактар Эмилбек Кимсанов Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы экенин тастыкташты. Кимсанов бажыдагы ишинен сырткары Кыргызстандын Дзюдо федерациясынын Ош облусу боюнча жетекчиси.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости