www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Инстаграм баракчасындагы окурмандарынын саны миллионго жеткен ырчы Самара Каримова бул ийгилигин Ошто, эртеси Бишкекте курбу-теңтуштарынын коштоосунда белгиледи. Кыргызстан боюнча алгачкы жолу миллион окурман топтогон ырчыдан маек алдык.

- Салам, Самара миллион окурманың кут болсун! Учурда сени кандай сезимдер чулгап жатат?

- Чоң рахмат. Сезимдер сонун, абдан толкунданып турам. Кыргызстандын жети дубанынан, чет өлкөдө жашаган мекендештер смс каттарын жазып, чалып куттуктап жатышат. Андан улам мен да сөз менен айтып жеткире алгыс сезимдерге чулганып турам. Эртеси бул ийгилигимди Ошто андан соң Бишкектеги досторумдун арасында белгилеп, куттуктоолорго маарып турам. Чыгармачыл адам үчүн миллион окурман чек эмес, мындан ары да окурмандар миллион, миллиардга жете берсин. Менин мынча окурмандуу болушума Леди KG газетасынын салымы да аябай чоң. Себеби мага эл менен байланышууга көпүрө түзүп берди. Чыгармачылыктагы ийгиликтеримди ар тараптан колдоп мени менен чогуу болду. Сиздерге да миллион, миллиард окурман каалайм.

 - Инстаграм сен үчүн эмне? Андагы окурмандардын санынын көрсөткүчү ошол адамдын таасиринен, аброюнан кабар береби?

- Инстаграм мен үчүн күйөрмандарым менен түз байланышта болуу, жакын болуу. Ал жактагы окурмандарым кээде мени менен сырдашат. Бош болуп калганда түз суроо-жоопторду уюштурам. Суранса жандуу үн менен ырдап берем. Баракчама да пайдалуу, жөнөкөй нерселерди чыгарып күйөрмандарым менен жакын болгонго аракет кылам. Интернет гүлдөп өсүп турган заманда аны орду менен туура пайдалануу маанилүү. Социалдык тармактардын ичинен инстаграм эң эле популярдуу тармак болуш керек. Айрыкча белгилүулөр үчүн. Анан албетте, мындагы окурмандардын санынын көрсөткүчү ошол адамдын эл сүймөнчүгү экенинен кабар берет деп ойлойм.

- Миллион окурманды канча убакытта топтодуң?

- Инстаграмга 2015-2016-жылдары катталгам. Негизи башында анча деле кызыккан эмесмин. Эл катары катталып коёюнчу деп эле катталып койгом. Кээде сүрөт жүктөп коём, кээде жүктөбөйм. Кийинчерээк активдүү колдонуп, тез-тезден сүрөттөрүмдү, той-концерттердеги видеолорумду жүктөп калгам.

 - Азыр ырчылар инстаграмдан тойго караганда көбүрөөк киреше таап калышты деп айтылууда, туурабы?

- Туура десе болот. Анткени учурда көпчүлүк эл сыналгы да көрбөй, гезит да окубай инстаграмда көп отуруп калышпадыбы. Баарыбыздын колубузда телефон бар, бошой калсак эле чукулап киребиз. Анан албетте, окурманы көп адамга көп ишкерлер продукциясын же болбосо буюмун жарнамалап берүүнү сунушташат. А концерттен пайда түшпөйт, билесиздер, өзүн-өзү жапса сүйүнөбүз. Менимче, 1-2 жылдан кийин социалдык тармактардын кадыр-баркы дагы өсүп, көп акча тапканга мүмкүнчүлүк болуп калат.

- Мисалы, жеке сен бир айда инстаграм аркылуу канча киреше табасың?

- Кудайга шүгүр, жакшы эле табам. Өзүм жарнамалаган балдар бут кийимдери, айымдардын кийим-кечектерин чыгарган мода үйлөрүнөн мага белекке кийимдер келип турат. Кээде бартердик негизде иштешсек, айрым учурда накталай бергендер болот, эми ал сүйлөшкөнгө жараша. Ошондой эле ар кандай бутиктер, жеке бренд ээлерин, түрдүү косметикалык компанияларды, салондорду жарнамалайм. Бирок баарын катарынан чыгара бербейм, карап көрүп мага жакса гана өзүмдүн досторум менен бөлүшөм
- Социалдык тармактарда сенин миллион окурманды топтогонуңа шекшип, окурмандардын санынын көрсөткүчүн жасатып алды дегендер болууда?

- Ар бир ийгиликтин артында жакшы да, жаман да сөздөр болот. Демократиялык коомдо жашап жатканыбыздан соң андай ойлорго да орун берилиш керек деп ойлойм. Мен териккен жокмун, эч кимисине капа да болгон жокмун. Ийгилигиме шекшигендер буга чейин деле болуп келген. Башкысы, мен миллион деген жыйынтыкты көрсөттүм.

- Инстаграмда белгилүүлөр арасында атаандаштык барбы?

- Башка ырчылар үчүн жооп бере албайм, бирок менде атаандаштык сезим жок. Эң башкысы мен өзүмдүн жумушумду жасайм, башкаларга теңелип, атаандашып көрбөптүрмүн. Ашыкча сүйлөп, сындап, артынан сүйлөгөндөрдү жаман көрөм.

- Кечке эле инстаграмда отургандай сезилесиң, чынында бир күндө баракчаңа канча убакыт сарптайсың?

- Бошой калсам эле баракчама кирип турам. Кол телефон жаныңда болгондон кийин бир күндө көз жүгүрткөнгө көп эле убакыт тапса болот да. Унаада баратканда, кафеде тамагыңды күтүп отурганда, тойго барып өз кезегиңди күтүп калганыңда, айтор, адам баласынын күнүмдүк жашоосунда көп эле убакыт болот. Баракчамда бир күндө канча убакыт кирем так билбейт экенмин. Бир күндө аз болуп калды дегенде 4 сүрөт киргизем, негизи 10дон ашык сүрөт киргизип коём.

- Социалдык тармактардагы өзүң тураалуу жазылган терс пикирлерге маанайың түшөбү?

- Чынында комментарийлерди окубайм. Негизи эле бирөөнүн ою менен жашабайм. Эмнени кааласам, жүрөгүм эмнени туура деп билсе акылым менен кеңешип, ошону жасайм. Ийгиликке жетүү үчүн жакшы да, жаман да ойлорду кабыл ала билүү керек. Жакшы болсо ийгилик, жаман болсо өзүңө сабак болот. Эл эмне дейт, досум эмне дейт деп ар кимдин оюна көз каранды боло бербеш керек деп ойлойм. Ошондуктан анча-мынча айтылган терс комментарийлерге маанайымды түшүрбөйм.

- Маегиңе чон рахмат!

Лунара Бекиева

Булак: "Леди кж"

Последние новости