www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арбактын артынан ээрчиген кыз

Бул окуя тээ илгери Октябрь революциясына чейин Жумгал аймагында болуптур.

Жерди көк басканы эл жайлоого көчүп, жатакчылар гана айылда калган экен. Ал кезде алдуу-күчтүүлөр, унаасы барлар гана журт которуп малдын шартына карата көчүп конуп жүргөнүнө өткөн мезгил күбө.
Ошол кезде Бүбү эне жалгыз кызы менен суу жээктей конуп калат, болгону бир уйунун сүтүн саап ичип.
Бир күнү Бүбү эне кызына айтат:

-Кызым, кечкисин сууга барбай жур. Сууну эрте алып кой, болбосо кийинки күнү деле ал. Кечинде сууга барганга болбойт - дейт. Сайкал ошол кезде он алты жашка чыгып калган эле. Апасынын айтканын унута бир күнү үйдө суу жок кечинде булакка барат. Суу коктунун ичинде, итапкан ылдый эле.
Ошол сууга барган Сайкал өзүнүн оюндагыдай жигит менен таанышып, аны бүт дити менен берилип сүйүп калат да, ал жолугушуудан кийин кечкисин сууга барганы адатка айланат. Кайран эне баарын баамдап, кызын сөзгө тартат.

Кыз болгон окуяны болгондой айтып берет да, ал баланы жактырьш калганын жашырбайт. Бүбү эненин да кызыгуусу артып бала менен таанышып көрүү үчүн конокко чакырып келүүсүн айтат.
Ошентип, кыз баланы эпке келтирип, эртеси күнү кечте үйгө конок болуп кеткенге көндүрөт. Эне байкуш болочок күйөө баласын көрүү үчүн ал күнү абдан катуу даярданат, тамакты даамдуу жасайт.
Кеч кирип, көз байланып калган кезде бала үйгө келет. Эне баланы көрүп эле, "өңдүү-түстүү бала зкен" деп сын көз менен карап, тамагын жайнатат, Бир чети бойго жеткен кызынын теңин таап кеткени эне үчүн чоң бакыт эмеспи. Бала эч сыр бербей өзүн сыпаа альп отурган менен тамак алдыга келгенде энеге болгон сырын ачып берди.

Тамак ичип аткандай түр көргөзгөнү менен алдына коюлган жыгач кесе бөксөрбөйт. Учуру келип бала изине кайтарда энеден кыздын колун сурайт, өзүн жетим баламын деп тааныштырган соң. Эне баланын сунушуна макул болуп, эки күндөн кийин келип алгач кызыма деп даярдап койгон септи алып кет. Андан соң кызымды берем, - дейт. Бала макул болуп, айтылган күнү кечте үйгө келет. Кыз дагы көңүлү сүйгөн адамына турмушка чыгарына ичинен сүйүнөт.
Бала кызга арналган септи бирден ташып баштайт.
Акыры жүк түгөнүп баратканда Бүбү эне кездемелерди айрьш, убакытты унөмдөгөнгө аракети күч болот. Ошентип үйдө кызга бере турган дагы эч нерсе жок калат. Акыры бала келип:

Эне, болду эми, уруксаат бериңиз, биз кетели, - дегенде эле башындагы жоолугун бере коёт. Бала сыртка чыгып кеткенде ушундай бир санаа тартат. Аңгыча эле короз таңдын атканына белги берип кыйкырганда Бүбү эне өзүн таштап салат да "өх" акыры жеңдим деп, кыйшая жатып уктап кетет. Бул учурда кыз таттуу уйкунун кучагында жаткан. Эне күн нуру жерге тегиз чачканда кызын ойготуп анан баягы баланы издеп чыгышат. Сууну бойлой өйдө бир топ барганда калың мүрзөгө туш келишет. Мүрзөнү аралап келатышып үстү түшкөн мүрзөнүн жанына Бүбү эненин акыркы берген жоолугун таап алышат да, анан калган буюмдарды мүрзөнүн ичинен табышат. Көрсө, тиги бала эбак эле каза болуп анын арбагы кызга жолугуп аткан экен. Эгер короз кыйкырып жибербегенде, кийинки жолу келгенде кыздын жанын алып кетерин эне билип, башындагы жоолукту чечип жибериптир. Ким менен байланышып жүргөнүн өз көзү менен көрсүн деп ушул жолду тандап алганын айтканда гана кыз өзүнүн күнөөсүн моюнга алып, ошол окуядан кийин кечкисин сууга барганын токтотуптур.

Ооба, тээ илгертен бери эле айтылган кеп бар эмеспи, "Карынын кебин капка сал" деген. Эгер кыз апасынын тилин алганда, арбакка жолукмак эмес болчу.

Булак: Шамбала

Последние новости