www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер агенттигинин (ЖӨБЭММА) директору Бахтияр Салиев бүгүн, 23-сентябрда, кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирет.

Урматтуу мекендештер!

Бүгүн, 23-сентябрь, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 31 жыл мурун 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз-тили мамлекеттик тил деген статуска ээ болуп, ошондон бери бул күн өлкөбүздө тил майрамы катары белгиленип келет. Андыктан баардыгыңыздарды бүгүнкү «Улуу майрам» менен чын дилимден куттуктап кетмекчимин!

Бүгүн тилин жоготкон эл, эртең элдүүлүгүн жоготот. Элдүүлүгүн жоготкон элде эч качан мамлекеттүүлүк деген түшүнүк болбойт. Демек тилибизди көздүн карегиндей сактап, улам байытып, өнүктүрүп жана өстүрүп туруу ар бирибиздин атуулдук ыйык милдетибиз!

Эне тилди барктап, баалап, кадырын арттырып, анын өзөгүнө уютулган улуттук нарк-насилди кемитип-бөксөртпөй урпактарга улантуу – ар жарандын атуулдук аруу милдети. Өлкөнүн баш Мыйзамында Кыргызстан элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, аны окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзүү укугуна кепилдик берилген. Кыргыз Республикасында жашап жаткан этностордун тилдерин сактоо жана өнүктүрүү менен Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоонун маанилүү фактору.

Жумурай журттун руханий байлыгынын бирден бир өзөгү – бул анын тили! Эне тили! Кыргыз тили! Кыргыз тили - бул 500 миң саптан турган Манас эпосунун, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун, улуу акындарыбыз Токтогул, Жеңижок, Алыкул Осмоновдун тили! Түптүү элдин, уюткулуу улуттун, өнүккөн өлкөнүн мамлекеттик тили катары улуу тилибиздин учугу узарып, түбөлүгү түз болоруна ишенемин.

Мамлекеттик тил майрамыбыз кут болсун!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости