www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Аргын мырза, суроомду кайпактатпас-тан түз эле жолдоюн, сиз бийликтеги бир тууган аке-үкө Жээнбековдор менен кан кудасызбы? Кимиси менен кандайча жакшысыз?

-Менин бир тууган Жээнбековдор менен эч кандай деле кан кудачылыгыбыз жок. Болгону элчи Жусупбек Шариповдун өмүрлүк жолдошу биздин уруунун кызы болот.Тагыраагы, Жусупбек Шарипов менин жездем болот болгону...

-«Кыргыз темир жалу» ишканасынын жетекчиси Алмазбек Ногойбаевдин ишмердүүлүгү парламенттин трибунасына чейин талданганга жетти. «Эски жайытыңыз» болгон тармактагы абал боюнча оюңуз кандай?

-Алмазбек Ногойбаевдин ишмердүүлүгү тууралуу депутат Жанар Акаевдин көтөргөн маселесинен улам уккам. Негизинен ал өкүлүнүн кээ бир айтылган көйгөйлүү сын-пикирлерине кошулам. Ал эми «Кыргыз темир жолу» ишканасыньш азыркы абалын билбейт экенмин.

-Дагы деле КСДПнын мүчөсүсүзбү? Бийликке, өзгөчө күч органдарына өңчөй чүйлүк кадрлардын тартылышына ою ңуз кандай? Жаңы бийликке кылчайып, иштешүү оюңузда барбы?

-Мен дагы деле КСДПнын мүчөсүмүн. Би­рок, мени партиянын саясый кеңешинен чыгарышкан. Ая эми күч органдарына чүйлүкпү же башка жактыкпы, айтор, кимиси болсо да таза адамдар келиш керек. Кызмат маселеси боюнча чакырып, мени тартышса барып иштешебиз.

үйлүк агабыз Тургунбек Кулмурзаев Атамбаев Чүй элин ордунан козгочу бол­со жердештери ага каршы чыга турганын, башкача маанайда сүйлөшүшөрүн жар салды, Мындай көрүнүшке сиздин оюңуз кандай?

-Иним, мен саясаттан өтө алыс адаммын. Эгерде Тургунбек Кулмурзаев аксакал андай ой айтса, анда тынчтык, ынтымак тууралуу кеп кылышса керек.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Булак: АЗИЯньюс

Последние новости